Мрбек Атабеков — Молмолум (текст и слова песни)

Беттин көркү нур менен, а, белдин көркү кур менен
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, а, белгилүү болсун ыр менен
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм
Бир карасаң, жүрөккө от чачылгандай, Мөлмөлүм
Маңдай чачың Маргалаң жибегиндей, Мөлмөлүм
Сенин ышкың баланын, а, тилегиндей, Мөлмөлүм
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй, Мөлмөлүм
Созулганың зергердин күмүшүндөй, Мөлмөлүм
Майиндигиң жоргонун жүрүшүндөй, Мөлмөлүм
Гүлзар кылчы жүрөктүн, а, какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн, а, какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн, а, какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн, а, какшып жаткан чөлдөрүн
Гүлзар кылчы жүрөктүн, а, какшып жаткан чөлдөрүн

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, ааламдан сендей таппадым
Издеп-издеп күн-түнү, — «Мөлмөлүм!», — Деп какшадым
Секин баскан бутуңдан, сейдана мончок жытыңдан
Кадам койгон бутуңдан, эй, калемпир мончок жытыңдан
Чыныга куйган бал болсоң, чымындай ага малынсам
Чыга албай жатып ошондо, чын өзүңө багынсам
Чыгарып койсоң боор ооруп, чырагың болуп жагылсам
Алты оролуп мойнуңа мен, ак маржан болуп тагылсам
Берейин десем малым жок, мал табууга алым жок
Кедейликтин дартынан, тышым жалын, ичим чок
Бирок да мунун баарына карабайт экен көңүл шок
Көрүнүп койсоң бир жолу, булуттан чыккан айга окшоп
Көрүнүп койчу бир жолу, булуттан чыккан айга окшоп


Тексты и слова популярных русских песен
Добавить комментарий

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.